Кылмыш-кырсык

Бишкекте сүйүктүүсүнүн колунан моюну тарабына үч жолу бычак жеген аялдын абалы оор

Бишкекте сүйүктүүсү тарабынан барымтага алынган аялдын абалы өтө оор бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда Бишкек шаардык травматология жана ортопедиялык илимий-изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмазбек Кубатбеков билдирди.

«Жабырлануучу аял моюну тарабына үч жолу бычак жеген. Ал жандарндыруу бөлүмүндө, комада», — деди ал.

Эске салсак, кечээ, 17-июнда саат 19:00 чамасында борбордун батыш бөлүгүндө белгисиз адам аял кишиге кол салган. Болжолдуу маалымат боюнча, ал сүйүктүүсүн кызганып, көчөдө жаңжал чыгарган.

Күбөлөр укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн чакырып, окуя болгон жерге Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери, ыкчам тергөө тобу, ошондой эле Биринчи май РИИБдин №5 милиция бөлүмүнүн башчысы Эркин Жаанбаев барган. Ал аталган адам менен сүйлөшүү жүргүзүп, шектүү андан кийин колго түшкөн.

https://t.me/akipress/4466

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button