Кылмыш-кырсык

Аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап суу чачкан окуя боюнча иш соттун кароосуна жиберилди

Аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап суу чачкан окуя боюнча иш соттун кароосуна жиберилди. Бул тууралуу  Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин социалдык тармактарда аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачып, бетине уруп жаткан видео тараган. Бул окуя 2020-жылдын 8-июнь күнү Сузак районундагы айылдардын биринде орун алган. Алар Сузак районунун 1968-ж.т. тургуну Б.З. жана 1973-ж.т. М.Д. аттуу аялы болгон.

Бул окуя Сузак РИИБдин КЖБРне КРнын Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси (Үй-бүлөдөгү зомбулук) жана КРнын Жазык кодексинин 144-беренеси (Уруп-согуп кыйноо) болуп катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, шектүү Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бул факты Сузак РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан толук тергелип бүтүп, шектүүгө карата КРнын Жазык кодексинин 144-беренеси (Уруп-согуп кыйноо) менен айыбы угузулуп, өндүрүш иши 2020-жылдын 17-июнь күнү соттун кароосуна жиберилди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button