Кыргыз өкмөтү Интернетке тарап кеткен көпчүлүк адам топтолгон сүрөт боюнча билдирүү калтырды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгулов буларга токтолду.

Урматтуу достор, кесиптештер!

Эстелик үчүн түшкөн сүрөттү көрүп каап дегени да, бетим дегени да бар, урушуп тилдеп жаткандар андан көп. Окуп, көрүп жатабыз. Ак чөп башта, аз айыбыбызды кечириңиздер! Кечээ эле эмес, сыноо келген март айынан тарта бел чечпей, бет кабын жүзүнөн түшүрбөй иштеп жаткан команданын ишин бир сүрөт менен жокко чыгарып койбосоңуздар… Адамгерчилик менен кабыл алып, ачуу сөздөн алыс болсок дейм.
Кошумчалай кетчү бир жагдай — Аппараттын ар бир кызматкери күн сайын эртең менен ишке келгенде дене табы текшерилгенден кийин гана имаратка киргизилет. Ошол эле учурда сөзсүз беткап тагынабыз. Өкмөт үйүнүн ичинде санитайзерлер орнотулган.
Ал эми кечээ мурдагы Өкмөт башчыны узатуу учурунда кызматкерлердин эстеликке сүрөткө түшүү өтүнүчүн Мухаммедкалый Дүйшекеевич жана Кубатбек Айылчыевич аткарбай коё алышкан жок. Муну эч ким мурдатан пландап, даярдаган эмес, күтүүсүз эле сунушту жалпы колдоп кеттик. Кызматкерлердин өз демилгелери менен маскасыз сүрөткө түшүүсү ачык жерде, кыска убакыттын ичинде эле болгон.
Ооба, иш бар жерде кемчилик да болбой койбойт экен, аны мойнубузга алабыз. Ошентсе да, ушул команда мамлекетибиздин өнүгүшү, элибиздин жакшы турмушу үчүн иштөөгө бел байлагандар. Ырыс алды – ынтымак дейт эмеспи кыргызда. Бир уучтай болгон жамаат ушунча убакыт бир максатта иштеген жетекчилигине сый-урмат көрсөтүп узатканы ашык деле болбос.
Сүрөттөн соң ар кандай шакаба, ачуу сөз жана тамаша дүрт этти. Сиз да жылмайып кабыл алгандардын катарын толуктап өзүңүз жана эн жакын адамдарыңыз үчүн бет капты сөзсүз тагынсаңыз. Сүрөткө түшүп бүткөн соң биз да адаттагыдай дароо беткап кийгенбиз))) Бул илдет чындыгында бардыгыбыз үчүн чоң сыноо болду. Арабызда жакындары ушул инфекцияга кабылгандар да бар. Ушундай шартта бул сүрөт оору жок же маска тагынбай койсо болот деген ойго түрткөнү өкүнүчтүү. Коронавирусту жуктуруп албоо, өз саламаттыгыбызга сак болуу, албетте, ар бирибиздин колубузда. Жараткан жалпыбызга жар болуп, оору-сыркоодон алыс бололу!