Коом

АКШ Гонконгго карата Кытай саясатынын өзгөрүүсүн күтүүдө

АКШ мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен Кытай Коммунисттик партиясынын БК саясий бюросунун мүчөсү Ян Цзечинин жакынкы эки жума ичинде күтүлүп жаткан өз ара сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Кытай Гонконгго карата өз саясатын өзгөртөт деп үмүттөнүүдө. Бул тууралуу мамлекеттик катчынын орун басары Дэвид Стивелл билдирген.

Буга чейин Кытай Өкмөтү тарабынан даярдалган Улуттук коопсуздук жөнүндө мыйзам долбоору Гонконгдук өкмөткө каршы күчтөрдүн, бир катар батыш өлкөлөрү менен бирге АКШнын нааразычылыгын жараткан.

Белгилей кетчү нерсе, Кытай өз дарегине айтылып жаткан сындардын бардыгын четке кагып, Гонконг маселеси анын жеке же ички иши экендигин белгилеп келет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button