Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус жуктуруп алган 28 бейтап айыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, коронавирустан айыккандардын жалпы саны 1961ге жетти.

«Бир суткада коронавирустан сакайгандардын ичинен жетөө Бишкек шаарынан, сегизи Чүй облусунан, бешөө Ош шаарынан, төртөө Ош облусунан, төртөө Нарын облусунан», — деди Үсөнбаев.

Сакайып чыккандардын бардыгынын кайталап алынган анализи таза чыккан.