Covid-19 илдети менен күрөшүү боюнча түзүлгөн Республикалык штабдын статистикалык маалыматтарына караганда акыркы күндөрү коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны көбөйүп баратат.

Буга байланыштуу Жалал-Абад ОИИБдин ШРИИБдери тарабынан атайын иш пландар иштелип чыгып, анын алкагында оорунун жайылышын болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Милиция кызматкерлери шаар борборлорундагы базарларда, дүкөндөрдө, такси кызматтарында жана эс алуу жайларында оорунун тарап кетүүсүнө каршы жумуштарды аткарып жатышат. Элге санитардык нормаларды жана жеке гигиеналык эрежелерди сактоо керектиги эскертилип, адам көп чогулган жерлерден алыс болууга чакырышууда. Медициналык каражаттарды колдонуп, ар дайым белгиленген аралыкты сактоо зарылдыгы жеткирилүүдө. Ошондой эле жөнү жок көчөдө жүрбөй, муктаждык жаралбаса үйдө болууга үндөшүүдө.

Мындан сырткары медициналык каражаттарды туура колдонуу, атайын костюмдарды кийип-чечүү ыкмалары Токтогул РИИБдин өздүк курамына, тактап айтканда санитардык-карантиндик постко туруучу кызматкерлерге кайталоо жолу менен көрсөтүлдү. РИИБдин имараты кайрадан дезинфекциядан өткөрүлүп, иш бөлмөлөргө, короолорго, текшерип өткөрүүчү жана убактылуу кармоочу жайларга өздүк коопсуздукту сактоо боюнча плакаттар илинди. Ошондой эле Токтогул РИИБи жана тиешелүү кызматтар тарабынан Чычкан постунда Бишкек-Ош автожолундагы жүргүнчүлөргө түшүндүрүү, дезинфекция жана көзөмөл иштери жүргүзүлүп жатат.