Кытай үч күн мурда чек ара аймагында болуп өткөн куралдуу кагылышуулардын натыйжасында туткунга түшүп калган индус аскерлерин бошотту.

Эки өлкө ортосундагы жаңжал дүйшөмбү күнү Галван өрөөнүндө келип чыккан. Индия армиясынын өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча аталган өрөөндө жайгашкан Ладакх районунда болуп өткөн куралдуу кагылышуулардын натыйжасында бир индус офицери жана эки жоокери окко учкан. Бирок ANI агенттиги Индия тараптан 20 аскер курман болгондугун, ал эми Кытай тараптан курман болгондорду жана оор жаракат алгандарды кошкондо 43 аскер жабыркагандыгын маалымдаган.

Белгилей кетсек, КЭР жана Индия мамлекеттеринин ортосунда Кашмирдин түндүгүндөгү тоолуу аймак, ошондой эле Арунчал-Прадеш түндүк-чыгыш штатынын дээрлик 60 миң кв. км. жер боюнча талаш-тартыш маселе эзелтеден бери келе жаткан көйгөй болуп саналат.