АКШдагы Элчилик Россия тууралуу «коркунучтуу» окуяларга ишенбөөгө чакырды Россиянын АКШдагы элчилиги «Европадагы америкалык аскерлерди чыгарып кетүүгө тыюу салуу жөнүндө» АКШ сенатында талкууга алынып жаткан мыйзам долбоору тууралуу айтып келип, америкалык мыйзам чыгаруучуларды бир нерсе айтуудан мурда адилет болууга жана калыс баа берүүгө чакырды.

АКШ сенатынын конгрессмендери Роберт Менендес жана Элиот Энгел тарабынан даярдалган мыйзам долбоору Европадан, айрыкча Германиядан америкалык аскерлерди чыгарып кетүү үчүн каражат бөлбөө керектигин сунушташкан. Авторлордун оюу боюнча америкалык аскерлер Европа өлкөрлөрүнө карата Россия, Түндүк Корея жана Ирандан болуучу чабуулдардын алдын алат.

Белгилей кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп июнь айынын башында америкалык аскерлерди Германиядан чыгарып кетери тууралуу айткан.