Жалал-Абад ОИИБдин ШРИИБдери тарабынан 16-18-июнь күндөрү “Өспүрүм — эмгек” аталышындагы рейддер жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүлдү. Анын алкагында бир топ өспүрүмдөрдүн оор жумушка тартылуусу текшерүүгө алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сузак РИИБи тарабынан район аймагындагы соода тармактары, унаа оңдоочу жана унаа жуучу жайлары, курулуп жаткан үйлөр, мал союлуучу жайлар текшерүүгө алынды. Иш-чаранын жүрүшүндө балдар эмгектенүүсүнүн эң начар формаларында иштегендер боюнча жалпы 26 жаш өспүрүм аныкталган. Алар Базар-Коргон районунун 3, Жалал-Абад шаарынын 3, калган 20 жаш өспүрүм Сузак районунун тургундары болушкан. Аныкталгандардын арасынан 3 жаш өспүрүм социалдык жардамга өтө муктаж экендиги, үй-бүлөлүк шарты оор болуп, үй-бүлөсүнө жардам ирээтинде иштеп жаткандыгы такталып, балдарды коргоо бөлүмүнө маалыматтар берилди. Жаш өспүрүмдөр боюнча тиешелүү материалдар топтолуп, райондук мамлекеттик администрациянын алдында түзүлгөн жашы жете электердин комиссиясына жөнөтүлдү.

Рейд учурунда жашы жете электерди эмгекке  тарткан учурлар боюнча  Сузак районунун аймагында 2 жоопкерчилиги чектелген жеке ишканалардын ээлерине карата протокол түзүлүп, КРнын Бузуулар кодексинин 57-беренеси менен айыптар салынды.

Ал эми Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери курулуш объекттерди, базарларды, унаа жуучуу жайларды көзөмөлгө алышты. Рейддин жүрүшүндө 5 өспүрүм оор жумуштарга тартылгандыгы аныкталып, жеринде ата-энелерине эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ноокен жана Таш-Көмүр ШРИИБдери тарабынан дагы бир топ жайлар текшерилди. Милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөрдүн эмгектин оор түрлөрүнө тартылуусунун алдын алууга багытталган жумуштарды жүргүзүштү.