Коом

Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкеринен коронавирус табылды

Бишкек шаардык мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкеринен коронавирус табылды. Бул тууралуу  Балбак Түлөбаев билдирди.


Бизде иштеген кызматкер тамагы ооруп, жөтөлүп тесттен өттү. Башка белгилер жок. Кечээ  анализи оң чыкты, экинчисинин жыйынтыктарын күтүп жатабыз, ”-деди ал.


Балбак Түлөбаевдин айтымында, кызматкерлердин бардыгы анализден өтүшкөн, жыйынтыгы азырынча даяр боло элек.

«Биз   бөлүмдөргө бирден кызматкерди калтырдык, калгандары тесттин жыйынтыктары чыкканга чейин үйлөрүнө  жөнөтүлдү. Ал эми имаратта дезинфекция жүргүзүп жатабыз », — деп баса белгиледи ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button