Араван районунун акими Курбанбай Айтибаевден коронавирус илдети 18-июнда аныкталган. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлады:

“Тилекке каршы, 18-июнда лабораториялык анализдин жыйынтыгы акимде вирус бар экенин көрсөттү. Учурда изоляцияда. Абалы жакшы. Аравандын акими карантиндик кырдаалда абдан мыкты иштеди. 2019- жылдын жыйынтыгы менен Ош облусунда «жылдын эң мыкты акими» деп табылган”.

Маалыматта айтылышынча, аким менен чогуу иштегендер, анын ичинде өкмөттүн облустук акимчилигиндеги айрым кызматкерлер да ПЧР-анализ тапшырышууда.