Ысык-Көлдө балдар лагерлери качан ачылаары айтылды

от автора

в

Көл аймагындагы балдар лагерлерин азырынча иштетпей кое турсакпы деп ойлонуп жатабыз. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын лагерлер 15-июндан тарта иштей баштачу. Облуста жалпысынан балдардын 19 лагери бар.

«Айдын башында республикалык штабдан «качан иштете баштайлы?» деп сураганбыз. Саламаттык сактоо министрлиги менен ар бир аймактын жетекчилиги иштешип, 25-июндан тарта ача берсе болот деп чечкенбиз. Бирок Республикалык штаб балдар лагерин иштетүү боюнча чечим кабыл алуу укугун бизге өткөрүп берген. Азыр мектептер иштебей эле турат, бакчалар чекесинен ачыла баштады. Мунун баарын эске алып азырынча балдар лагерлерин иштетпей эле кое турсакпы деп ойлоп жатабыз. Ошол эле учурда ар бир райондогу эпидемиологиялык кырдаал эске алынат», — деди ал.


Комментарии

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *