Улуттук банктын кызматкеринен коронавирус инфекциясы аныкталды
Улуттук банктын дагы бир кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
«18-июнда Улуттук банктын бир кызматкеринен
вирусту аныктоо үчүн алынган анализ COVID-19 инфекциясы бар экенин тастыктады.
Учурда кызматкердин оорусу жеңил түрдө өтүп жаткандыктан ал стационардык
дарыланууда.
Илдет
аныкталган кызматкер менен байланышта болгон адамдар аныкталып, алар үй
карантинине жиберилди. Санитардык-эпидемиологиялык станциянын адистери алардан
белгиленген тартипте анализ алды. Оору жуктуруп алган кызматкер иштеген имарат
адистештирилген компаниянын кызматкерлерин ишке тартуу менен дезинфекцияланды.
Коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында, Улуттук банкта санитардык-эпидемиологиялык нормаларга ылайык талаптар күчөтүлдү. Бүгүнкү күнгө карата банк кызматкерлеринин ичинен аталган ооруга чалдыккан башка учур жок. Улуттук банк штаттык режимде иш алып барып, өлкөнүн акча-кредит саясатын жүргүзүүнү улантууда», — деп айтылат мекеме тараткан маалыматта.