Улуттук банктын дагы бир кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

«18-июнда Улуттук банктын бир кызматкеринен вирусту аныктоо үчүн алынган анализ COVID-19 инфекциясы бар экенин тастыктады. Учурда кызматкердин оорусу жеңил түрдө өтүп жаткандыктан ал стационардык дарыланууда.
Илдет аныкталган кызматкер менен байланышта болгон адамдар аныкталып, алар үй карантинине жиберилди. Санитардык-эпидемиологиялык станциянын адистери алардан белгиленген тартипте анализ алды. Оору жуктуруп алган кызматкер иштеген имарат адистештирилген компаниянын кызматкерлерин ишке тартуу менен дезинфекцияланды.

Коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында, Улуттук банкта санитардык-эпидемиологиялык нормаларга ылайык талаптар күчөтүлдү. Бүгүнкү күнгө карата банк кызматкерлеринин ичинен аталган ооруга чалдыккан башка учур жок. Улуттук банк штаттык режимде иш алып барып, өлкөнүн акча-кредит саясатын жүргүзүүнү улантууда»,  деп айтылат мекеме тараткан маалыматта.