Бишкек мэриясынын аппаратында иштеген 2 кызматкерден коронавирус илдети чыкты. Бул тууралуу аппарат жетекчи Балбак Түлөбаев Фейсбук баракчасына жазды.

«Башкы бухгалтерибиз ал отпускада болчу үйүндө.
Уюуштуруу бөлүм башчысы үйүндө. Азырынча жеңил өтүп атат. Калаа башчыбыз Суракматов.А Э. жана менин анализибиз таза чыкты. Ошого карабай Дүйшөнбү күнгө чейин жарандарды кабыл ала албайбыз. Аралыкта иштеп атабыз»,-деди Түлөбаев.

Мындан улам Түлөбаев жарандарды бет кап тагынууга, аралыкты сактоого, санитайзер колдонууга чакырды.

«Жабык жерлерден, эл көп чогулган жерлерден качкыла. Көр оокат деп жүрүп кокустап калбайлы. Оору ылгабайт, эч кимди тандабайт. Абайлайлычы!»-деди ал.