2020-жылдын 14- июнь күнү Араван районунун акими Курбанбек Айтибаевдин дене табы көтөрүлүп, дарыгерге кайрылган. Суук тийиши мүмкүн деген күмөн менен дарылоого алынган. Бул тууралуу Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнөн билдиришти.

17- июнь күнү менен өпкөсү кагынып ( пневмония) калган болушу ыктымал деген диагноз коюлуп, врачтын көрсөтмөсү менен ПЧР анализин тапшырган. 18- июнь күнү COVID-19 илдети тастыкталып, дароо изоляторго жаткырылган, дарыгерлердин көзөмөлүндө
Учурда абалы туруктуу, жакшы.

Араван райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратынын кызматкерлери толук ПЦР анализдерин тапшырды. 1- жыйынтык боюнча тастыкталган учур жок. Ошондуктан, администрация толук кандуу , бирок, аралык сактап, байланышты азайтып иштеп жатышат.

«Араван районунун акими абдан кесипкөй, элге жакын жөнөкөй, райондун көйгөйлөрүн ичинен билген, эмгекчил мамлекеттик кызматкер. Бул аким жетектеп турган учурда районго 2 ири цемент заводу ачылып, 10 догон таш кесүүчү, кайра иштетүүчү ишканалар ачылды. Демек, инвестиция тартууга шарт түзө алат. Өткөн жылы «Араван гилас» бренди менен Кытайга экспорттоло баштаганда баладай кубанып, ишкерге бар аракети менен жан тартып жүргөн. Ошентип 65 тонна гилас экспортко чыгарылды. Аны көрүп Араванда кайрак жерге жемиш бак кылчулар көбөйдү»-деди өлкүлдөн.