Кылмыш-кырсык

Камактагы Кимсановдун сабалышы боюнча сотко чейинки тергөө башталды

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун абакта сабалышына байланыштуу Жазык кодексинин 321-беренеси («Бийлигинен аша чабуу») менен сотко чейинки өндүрүш ачылды. Бул тууралуу  Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалым болгондой, иш Кимсановдун арызынын негизинде козголуп, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Тергөө башкармалыгы жүргүзүп жатат.

Буга чейин, мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсановдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева өзүнүн кардары абакта сабалып жатканы тартылган видео колуна тийгенин кабарлап, аны 16-июнда «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырган. Тасмада белгисиз эки адам бир кишини мыкаачылык менен сабап жатканы көрүнүп турат. Сүйүнбаева видеодогу ур-тепкиге калган киши Эмилбек Кимсанов экенин билдирип, муну талашсыз далил катары белгилеген.

Адвокат уруп-сабоо Кимсанов Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайынан №1 тергөө абагына которулган күнү, 3-апрелде болгонун маалымдаган. Кимсанов 18-июнда Кыйноолорго каршы улуттук борбордун кызматкерлери менен жолугушкан учурда видеодогу тепкиге алынган киши өзү экенин айткан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button