Сокулук районунун ички иштер органынын кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте коомдук жайларда санитардык эрежелердин сакталышын текшеришип, “өзгөчө кырдаал” режиминин талаптарын сактоону эскертишүүдө.

2020-жылдын 19-июнь күнү милиция кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Сокулук-Бишкек каттамдары боюнча жүргүнчүлөрдү ташыган маршруттук таксилерди текшеришип, маршруттук таксилерде санитардык талаптарды так сактап, убагы менен дезинфекция жумуштарын аткаруу зарылдыгын айдоочуларга эскертишти. Андан сырткары соода түйүндөрү, кафе-ресторандар, базарлар жана башка коомдук жайлардагы санитардык абал текшерилип, имараттардын администрацияларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Учурда Чүй облусунун баардык аймактарында жугуштуу илдетти алдын алуу үчүн тиешелүү жумуштар улантылууда. Андыктан Чүй облусунун ИИББы жарандарды учурдагы кырдаалга жоопкерчилик менен мамиле кылып, жугуштуу илдетти алдын алуучу талаптарды так сактоого чакырат.

Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы