Бүгүн, 19-июнда, Пакистан Ислам Республикасынан Кыргыз Республикасынын 94 жараны кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

КР жарандары Пакистандан Кыргызстандын жарандарын жана Кыргызстандан Пакистандын жарандарын алып чыгарып кетүү үчүн пакистан тарабы менен биргеликте уюштурулган «Pakistan International Airlines» авиакомпаниясынын Исламабад-Бишкек-Исламабад каттамы боюнча чартердик рейси менен учуп келишти.

Азыркы тапта бардык учуп келген жарадар бекитилген тартипте тийиштүү медициналык чаралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылды.

Дүйнөдө коронавирус инфекциясынын пандемиясынан улам эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрү токтотулгандыгына байланыштуу, чет өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча КР Президентинин жана Өкмөттүн тапшырмаларын аткаруунун алкагында жасалган иштер улантылууда.