Экономикалык кылмышка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Бишкек мэриясына караштуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын 4 жетекчилик кызматында иштеген кызматкерди кармады. Бул тууралуу каржы полициясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Экономикалык кылмышка каршы күрөшүү кызматынын билдирүүсүнө караганда Бишкек мэриясына караштуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку жетекчиси Н.Б., жетекчинин орунбасары М.У. жана азыркы тапта иштеп жаткан И.А. аттуу кызматкери жана жеке компаниянын А.К. аттуу жаран кармалып, баары Бишкектеги №1-СИЗОго камалган.

Bars.Media сайтына Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматындагы өздүк булактар кармалгандардын бири, жеке коммерциялык уюмдун өкүлү, ырчы Айбек Карымов экенин тастыктады.

“Бишкек мэриясына караштуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчи кызматында иштегендер лифттерди оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча 24 миллион сомдон ашуун акчага келишим түзүшкөн. Бирок, бул жумуштун баасы ал суммадан бир канча эсе аз болгон. Көз карандысыз эксперттер уюмунун иликтөөсү боюнча орнотулган лифттер кооптуу жана адам ден соолугуна,өмүрүнө коркунуч туудурары аныкталган”,-деп билдирди финпол.