Экономикалык кылмышка каршы күрөшүү кызматы Бишкек мэриясына караштуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын 4 жетекчилик кызматында иштеген кызматкерди коррупциялык иштерге байланышы бар деген жөө менен кылмыш ишин козгоп, камака алды. Анын арасында эстрада ырчысы Айбек Каримов дагы бар. Ырчынын кесиптеши, сахналашы Азамат Болгонбаев ырчынын мындай ишке байланышы жок экенин айтып, «Кадам медиага» өз оюу менен бөлүштү.

-Айбек ага бир топ жакшы иштерди кылганын билем, Мамлекетке зыян алып келе турган адам эмес. Бир топ убакыттан бери ишкерликке аралашып, бизнеске басым жасаганын билем. Бирок, улуттук өнөрдү таштабастан өзүнүн кичи мекенине бир катар сооп иштерди жасап келет. Элге, өнөрпөздөрду колдоп, акчалай да жардам дагы берип жүрөт. Мен өнөр адамынын мындай кылмыш ишке барбайт деп ишенем. Менин жеке ишенимимде Айбек байке өзү Фейсбукта жаран катары өкмөттүн жасаган ишине сын айтып, оюн ортого салып турчу. Эгер кандайдыр бир илинчеги болсо мындай сын айтмак эмес. Байкоочу Кеңеш мүчөсү болуп турганда дагы өзүнүн калыс сөзүн айтып калчу.