Дүйнөдө COVID-19 инфекциясына байланыштуу кырдаал өзгөргөндүктөн бул жыйын биринчи жолу онлайн форматта өтүп жатат. Ага Россиянын каржы мониторингинин директору Чиханчин Юрий Анатольевич төрагалык кылууда. Буга чейин жыйынды Кытайда өткөрүү пландалып жаткан. 

Белгилей кетчү жагдай, Кыргызстан кылмыштуу кирешелерди жана терроризмди каржылоо боюнча Евразиялык топту негиздеген 6 өлкөнүн бири болуп саналат. 2004-жылдын 6-октябрында Москва шаарында Беларусь, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан өлкөлөрү бул деклорацияга кол коюшкан. Кийин 2005-жана 2010-жылдарыаталган топ кеңейтилип, курамына Өзбекстан, Түркмөнстан, Индия дагы кирген. 

Жыйындын алкагында Евразиялык аймакта терроризмди каржылоо ыкмаларын жана акча өндүрүү схемаларын аныктоо, маалымат чогултуу методикасы дагы каралды. Ошондой эле, 2019-жылы аткарылган иштер боюнча отчет, Германиянын Евразиялык топтун байкоочу статусу боюнча кайрылуусун кароо, Еврациялык топтун мүчөлөрүнүн тажрыйбасы, акчалардын изин жашыруу багытында чараларды көрүү маселелери талкууланды. 

Жыйында Кыргызстан тарабынан жасалган  негизги иштер белгиленди. 2019-жыл Кыргызстан үчүн каржылык чалгындоо кызматы кылмыштуу кирешелерди жана терроризмди каржылоо боюнча 2 отчетту жактоосу менен эсте калды. Табылган кемчиликтерди жоюу максатында Кыргызстан 2018-жылдын июнь айынан 2019-жылдын октябрь айына чейин күчөтүлгөн тартипте иш алып барган. 2019-жылдын 25-29-ноябрында Ашхабад шаарындаөткөн 31-пленардык жыйынында Кыргызстан 2-отчетун берип, анда жетишкен жыйынтыктарынын негизинде 13 сунуш боюнча өзүнүн рейтингин көтөргөн.