Жума күнү АКШ Транспорт министрлиги Кытай авиакомпанияларынын абакаттамдарды аткаруу боюнча өтүнүчүн канааттандырган жок.

Министрлик бул тууралуу буйрук кабыл алынгандыгын жана ал АКШ менен Кытай авиакомпанияларынын ортосундагы тең укуктуулукту кармоого шарт түзөрүн белгилеп, бирок ошол эле учурда Кытай өз саясатын өзгөртө турган болсо буйрукту кайрадан карап чыгууга мүмкүн экендигин айткан.

АКШ буга чейин эки өлкө ортосунда иштеп келген авиакаттамдардын графигин өзгөртүүнү, пассажирдик рейсттер тараптардын ар бири тарабынан жума сайын төрт рейстен аткарылуусу керектигин талап кылууда.

Белгилей кетчү нерсе, дал ушундай эле чечим, башкача айтканда өз өлкөсүнө учууга тыюу салуу тууралуу чечим буга чейин Пекин тарабынан кабыл алынган.