Кытай провинциясы Чжэцзяндын тургуну дааратканага барбай 18 саат уктап тургандан кийин табарсыгы жарылып кетип, доктурга кайрылууга аргасыз болгон.

10 шише сыра ичип алып уктап калган эркек адам бир сутка боюу төшөктө оонап жата берип, табарсык тушу чыдатпай ооруй баштаганда доктур чакырган. Өткөрүлгөн томографиянын натыйжасында 40 жаштагы бул адамдын табарсыгы жарылып кеткендиги аныкталган. Табарсык үч жеринен жарылгандыгы өткөрүлгөн операциянын жүрүшүндө белгилүү болгон.