АКШнын көпчүлүк тургундары качандыр бир мезгилдерде ата-бабасы кул болгондугу үчүн талап кылынып жаткан компенсацияларга каршы чыгышууда. Бул тууралуу ABC телекомпаниясы тарабынан өткөрүлгөн сурамжылоолордун натыйжасында белгилүү болгон.

Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында респонденттердин 73%ы кара терилүү америкалыктарга төлөм жүргүзүлүүсүнө каршы пикир айтышкан. Ал эми сурамжылоого катышкандардын 26 пайызы мындай компенсацияларды алуудан баш тартпай тургандыгын билдиришкен. Жума күнү Камала Харрис, Кори Букер, Тина Смит, Эд Марки жана Жон Корин өңдүү америкалык сенаторлор ар жылы 19-июнунда белгиленип келе жаткан улуттук кулчулук күнүн жокко чыгаруу, башкача айтканда улуттук майрам катары майрамдоодон баш тартуу тууралуу сунуш киргизишкен.

Белгилей кетсек, АКШда Жорж Флойддун өлүмүнөн улам келип чыккан нааразылык акциялары дагы деле уланууда.