![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2020/06/19_23-2148445993.jpg)
Коом
COVID-19: Бир суткада 13 дарыгер вирус жуктуруп алды
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 13 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
• Бишкек ш. – 7
• Чүй облусунда – 5
• Ош ш. – 1
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 1 медкызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 546 учур катталды, алардын ичинен 382 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.