20-июнга карата COVID-19 илдетинен каза болгон 3 бейтапдын кошумча оорулары болгон. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

1958-жылы туулган эркек киши Ысык-Көл облусунун Түп районунун жашоочусу. Ал 15-июндан тартып инфекциялык бөлүмдө дарыланып, абалынын начарлашынан улам кислороддук аппаратка кошулган. Диагнозу: оң жак тараптуу пневмания, курч мүнөздө турган жүрөктүн иштеши.

1961-жылы туулган аял киши Ош шаарынын жашоочусу. Ал 15-июнда Ош облустук клиникалык ооруканасында болгон. Бардык көрүлгөн чараларга карабастан, кечээ күнү каза болуп калган.

1959-жылы туулган эркек киши Кара-Суу районунун жашоочусу. 17-июнда анын дене табы көтөрүлүп, жөтөл жана дем алуунун кыйындашы болгон. Буга чейин ал курч инфаркт жана гипертониялык оору менен каттоодо турган. Анын өлүмү курч дем алуу оорусунан келип чыккан.