«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууда демилгечи депутаттардын бири Гүлшат Асылбаева мыйзам долбоору интернеттеги баарлашууда адеп-ахлактан, мораль, этика ченемдеринен чыгып кеткен жалган маалыматтарга, фейк-акаунттарга кандайдыр бир эрежелерди белгилөө максатында иштелип чыккананын чечмелеп берди.

Демилгечи депутат интернет айдыңы бул адамдардын сүйлөшүү коомчулугу экенин, анда адамдар бири-бирине өз ой-пикирлерин айтып, мамилелери менен бөлүшөрүн, бирок айрым учурларда ой-пикир билдирүү этика, адеп-ахлак ченемдеринен чыгып кетип баштаганын белгиледи.

«Буга байланыштуу «Маалыматты манипуляциялоо» жөнүндө мыйзам долбоору дал ушул интернет чөйрөсүндө жок дегенде кандайдыр бир эрежелерди белгилөө максатында иштелип чыкты. Мындай шартта жалган маалыматтар, алдамчылык, ар кандай каралоо фейктерин болтурбоо үчүн эреже киргизүүнүн эмнеси жаман», — дейт Гүлшат Асылбаева.

Депутат акыйкаттуулуктун башы же аягы болстугун, ал бар же жок гана болорун айтып, эми ушул акыйкаттуулук интернет чөйрөсүндө дагы болушу керектигине бекем ишенерин билдирет. Ал интернет чөйрөсүндөгү пикир алмашуунун мындай жолун адамдар анонимдүү түрдө бири-бирин жамандап, бири-бири менен кайым айтышуунун майданына айланышына жол берилбеши керектигин баса белгиледи. Демилгечи Кыргызстандын азыркы жана келечек тагдырына кайдыгер карабагандардын баарын бул долбоорду колдоого чакырды.

«Анткени бул фейк деген жөн эле бир боштук. Анын эч кандай кайтарым байланышы жок. Реакция кылууга мүмкүн эмес. Демек, бул сөз эркиндигине эч кандай тиешеси, байланышы жок. Сөз эркиндиги – бул укук. Ал көрүнбөгөн, кайтарымы болбогон адамдарда же бир боштукта болбойт, ал нормалдуу адамдарда болот. Конституциянын ченемдерин бул белгисиз акаунттарга чаптоого болбойт. Анткени бул адамдар жаап-жашырынып жүргөн адамдар. Алар ачык-айкын болсо, аларга дооматтарды ачык айтууга мүмкүнчүлүк болот эле да. Адамдар өзүн коргошу үчүн кимден коргонушу керектигин билиши керек», — дейт мыйзам долбоорунун демилгечиси.