Жугуштуу ооруларды изилдөө боюнча немис борборунун окумуштуулары алты жашка чейинки наристе балдар коронавирусту алып жүрүүчү башкы булак экендигин аныктап чыгышты.

Окумуштуулардын айтуусу боюнча бойго жеткендердин жарымы ооруну башка бирөөлөргө жугузса, алты жашка чейинки наристелердин үчтөн экиси мындай тобокелдиктерге ээ.

Бул курактагы наристе балдар бет кап тагынуу, бети-башты кармалабоо, колду такай жууп туруу деген эрежелерди сактабай тургандыктан дүйнө окумуштуулары бүгүн: — «бала бакчалардын айласын кандай кылуу керек?»-деген көйгөйлүү суроонун үстүндө баш катырышууда.