Коом

Бишкектеги коомдук транспорт эртең эмес, кийинки дем алыш күндөрү токтотулат

Бишкекте  коомдук транспорт эртең эмес, кийинки дем алыш күндөрү токтотулат. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб кабарлады.

Маалыматка ылайык, борбор калаанын көпчүлүк тургундарынын суроолорунан соң ушундай чечим кабыл алынган.

«Биз кийинки дем алыш күндөрү коомдук транспортту алдын-ала токтотууну пландап жатабыз», — деп билдирди штаб.


Эске салсак, бүгүн брифингде премьер-министр Кубатбек Боронов дем алыш күндөрү коомдук транспортту токтото туруу пландаштырылганын айткан. Анын айтымында, жуктуруп алгандардын көбү инфекцияны кайдан алганын билишпейт. Коомдук транспорт коронавирустук инфекциянын негизги булактарынын бири бойдон калууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button