Президент Сооронбай Жээнбеков «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 21-майында кабыл алынган.

Аталган мыйзамдын максаты — «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамы менен шайкеш келтирүү. Кабыл алынган мыйзамга ылайык, депутаттык ыйгарым укуктарды мамлекеттик же муниципалдык билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемесинин жетекчиси кызматы менен айкалыштырууга болот.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.