«Министрлер кабинетинин иш-аракеттеринин негизги маселелери болуп коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө», — деп билдирди Премьер-министр Кубатбек Боронов.

Анын айтымында, коронавирус пандемиясына байланыштуу социалдык-экономикалык жана эпидемиологиялык кырдаал курчуп баратат. Коронавирус илдети боюнча эпидемиологиялык кырдаалдын начарлоосуна мамлекет толук даярдыгын камсыздоо керек.

«Күн сайын Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда жарандар коронавирустук инфекцияны жугузуп алуу учурларынын көбөйүшү байкалууда. Региондордо кырдаалды көзөмөлдөө боюнча иштер толук кандуу жүргүзүлбөй жатат. Коопсуздук Кеңешинин отурумунда белгиленгендей, облус башчылары ишенип берилген аймактардагы эпидемиологиялык абал үчүн жеке жоопкерчилик тартышат», — деп билдирди Кубатбек Боронов.