Премьер-министри Кубатбек Боронов Бишкектеги жана Чүй облусундагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Өкмөт башчы белгилегендей, акыркы суткада коронавирус инфекциясын жуктурган 192 учур катталган, анын ичинен 75 жаран илдетти кайдан жугузганын билбейт.

«Алар коомдук унаалардан же базарлардан жугузуп алышы толук мүмкүн. Борбор калаада жана Чүй облусундагы эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу кийинки жумадан тартып Бишкекте коомдук унаа кыймылы ишемби күндүн экинчи жарымынан жана жекшембиде токтотулат. Ошондой эле биз аймактар аралык коомдук унаалардын ишин чектейбиз. Бул чаралар вирустун эпидемиологиялык абал жакшы эмес болуп турган Бишкектен башка облустарга жайылышын азайтат. Мындан тышкары жүргүнчүлөрдү 60-70% салуу талабын эч аткарбай жаткан жеке транспорттук компанияларга таандык маршруттук таксилерге карата катуу чараларды көрүү керек. Маршруттук унаалар адамдарды толтуруп салып жатканын көрүп атабыз. Бул жаатта тармактык кызматтарга жеке компанияларга карата белгилүү бир мезгилге лицензиядан ажыратууга чейинки таасир этүү механизмдерин   карап чыгууну сунуштайм», — деди Кубатбек Боронов. 

Премьер-министр мэриянын жетекчилигин турак жайлардын короолорун, көп батирлүү үйлөрдүн балдар аянтчаларын дезинфенкциялоо боюнча иштердин жетишсиздиги үчүн сынга алып, бул чараларды күчөтүүнү талап кылды. Ошондой эле санитардык ченемдерди сактабаган коомдук тамактануу жайларынын, май куюучу жайлардын иши тийиштүү көзөмөлдөнбөй жатканы айтылды. 

Кеңешменин жүрүшүндө бала бакчалардын иштөөсүнүн максаттуулугу маселеси көтөрүлдү. Кырдаалды талдап чыккан соң, алар боюнча чечим кабыл алынат.

Өкмөт башчы жарандарды, айрыкча өнөкөт оорулары бар улгайган адамдарды мүмкүн болушунча коомдук жайларга барбай, үйдө болууга чакырды.