21-июнга карата өткөн сутка ичинде 2 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Токмок аймактык ооруканасынан – 1 (аял, 1974 жылкы), Темир жол ооруканасынан – 1 (1969 жылкы, эркек).

1969 -жылы туулган эркек киши Бишкек шаарынын тургуну. Темир жол ооруканасына оор абалда кайрылган. Коронавирустун оор түрү тастыкталып, эки тараптуу пневмония, курч мүнөздөгү дем алуу жетишсиздиги болгон.

1974 -жылы туулган аял киши Чуй облусунун тургуну. Ооруканага оор акыбалда келип түшкө. Андан сырткары, кургак учук дарты менен ооруп, кант диабети менен каттодо турган. ПЦР анализдин жыйынтыгы тастыкталып, дем алуунун жетишсиздиги диагнозодору коюлган. Жасалган иш-аракеттерге карабастан, дарылоо жыйынтык берген.

Жалпы каза болгондордун саны 37 кишини түздү.