Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Болот Шер узак оорудан улам дүйнө салды. Бул тууралуу маркумдун бир тууганы Садык Шер-Нияз билдирди.

Анын айтымында, коштошуу зыйнаты (өзүнүн керээзи боюнча) Чоң Капка айылында 23-июньда саат 11 де өтөт.

Буга чейин Улуттук госпиталдын дарыгери, нейрохирург Миталип Мамытов Болот Шер 12-июнда инсульт алып, абалы оорлошуп комага түшкөнүн маалымдаган эле.

Болот Шер 1959-жылы Таластын Манас районунда төрөлгөн. Москвада, кийин Фрунзеде билим алган. 2010-жылы убактылуу өкмөттүн тушунда ички иштер министрлигин жетектеп, июнь окуяларынын курмандыктарынын жакындарынан кечирим сураган жайы бар. Ошол 2010-жылы да инсультка кабылган болчу, негизи ооруп жүргөн.