Бүгүн, 22-июнда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт, деп маалымдайт Кыргызгидромет.
Абанын күндүзгү температурасы:
Чүй облусунда +32…+37
Талас облусунда +30…+35
Баткен облусунда +33…+38
Ош жана Жалал-Абад облустарында +33…+38
Ысык-Көл облусунда +24…+29
Нарын облусунда +23…+28
Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы күндүз +34…+36 градус болот.