АКШ жардам катары Украинага аскердик жүктөр менен бирге Javelin танкка каршы комплекстерди жөнөтөт. Бул тууралуу АКШ Транспорттук командачылыгы билдирүү тараткан.

Буга чейин АКШ элчилиги Украинага 60 миллион долларга аскердик курал жарактардын жана ар кыл жабдуулардын жөнөтүлгөндүгүн маалымдаган. Мындай ири өлчөмдөгү сумманы түзгөн жана арты-артынан келип жаткан курал жарактар Донбасстагы кырдаалдын курчушуна шарт түзө тургандыктан Россия Федерациясы көптөн бери АКШны бул оюнан кайтууга чакырып келет.

Белгилей кетсек, ОБСЕ мурдагы төрагасы, Германиянын президенти Фран-Вальтер Штайнмайер дагы АКШнын Украинага курал жарак жөнөтүүсү өтө чоң тобокелдиктер менен коштолуусу мүмкүн экендигин жар салган.