Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабеков жана вице-спикерлер Аида Касымалиева жана Мирлан Бакиров коронавирустун ПЦР сыноосунан өтүштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси  Алмазбек Сабырбеков билдирди.

Анын айтымында, алардын жыйынтыктары терс көрсөткүчтү көрсөткөн. Депутаттык корпустун калган мүчөлөрү дагы тестирлөөдөн өтүшү күтүлүүдө.

“Эки күндүн ичинде текшерип бүтөбүз деп ойлойм. Азырынча COVID-19 инфекциясы тастыкталган жок. Кызматкерлер жана басма сөз кызматы дагы текшерүүдөн өтүштү. Алардын бардыгы, алгоритм боюнча, аралыктан иштөө режимине өтүшкөн. Депутаттардын жардамчылары дагы текшерилет, бир сөз менен айтканда, бардык байланыштарды аныктайбыз. Сессиянын аягына чейин журналисттер парламенттик отурумдарга кире алышпайт », — деди Алмазбек Сабырбеков.