Пони деген каймана атка ээ орангутандын ургаачысы Борнео аралындагы бордельде алты жыл боюу жыныстык кулчулукта болгон. Понини күн сайын тасырайта кырышып, ар кыл жасалгаларды тагышып, оозу-башын боёп, коңшу айылдын тургундарына интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлап келишкен.

Орангутандарды сактоо фондунун кызматкерлери Понини капысынан таап алышкан. Маймыл чынжыр менен байланып, кир төшөктө, башкача айтканда кезектеги кардарын күтүп жаткан. Баса, иликтөө иштеринин жүрүшүндө Понинин кардарлары өтө көп болгондугу аныкталган. Орангутандарды сактоо фондунун директору Мишель Дезилестин айтуусунда жергиликтүү тургундар маймылды бербөөнүн аракетинде көптөгөн каршылыктарды көрсөтүшкөн.

Себеби, борделдин кожойкеси шордуу маймылды киреше булагы, ал эми айылдын аңги эркектери аны кадимки эле сойку катары кабылдап калышкан.