Кытайда сууга чөгүп жаткан досун куткарууга аракет кылган 7 окуучу каза болду. Бул тууралуу кытайлык басылмаларга таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.

Белгилүү болгондой, окуя кечээ, 21-июнда Туннань уездинин Мисьнь калктуу конушунда орун алган. Жергиликтүү бийлик органдарына Фуцзян дарыясына окуучу сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Издөө жана куткаруу иши дароо башталып, жалпы 200дөн ашуун адам тартылган. Бирок куткаруучулар 8 окуучунун жансыз денесин суудан алып чыгышкан.

Маалым болгондой, сууга чөккөн балдар жергиликтүү мектептин баштапкы классынын окуучулары болгон. Эс алуу күнү алар дарыянын жээгине ойногону кетишкен. Алардын бири кокусунан дарыяга кулап кеткенде калган 7 окуучу аны куткарууга аракет кылып жатып, алар да суудан чыга албай калышкан.