Коронавирус маселеси боюнча жарандарга кеңеш берүүчү 118 ыкчам телефон номуру күнү-түнү иштөө тартибине өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын Саламаттык сактоо шаардык башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова билдирди:

“Июнда коронавирус маселелери боюнча жарандардын кайрылуусу кескин көбөйдү. 21-июнда Республикалык штабдын жана Саламаттык сактоо министрлигинин чечими менен мобилдик бригадалар күнү-түнү иштөө тартибине өттү. 118 ыкчам номуруна туташкан 14 линияда адистер 24 саат бою кеңеш берүүдө”.

Буга чейин аталган номур эртең мененки саат сегизден кечки жетиге чейин иштеген. Айрымдар бул номурдагы адистер менен байланышуу мүмкүн болбой жатканын айтып нааразы болушкан. Өкмөт башчы 21-июнда бул кызматка кошумча адистерди алуу керектигин билдирди.