КТРКнын эки кызматкеринен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда Бишкектеги Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан билдирди.

«Уюмду карантинге жабууга буйрук чыгарылды. Дезинфекция иштери жүргүзүлөт. Учурда эпидемиологиялык иликтөө жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

22-июнга карата Кыргызстанда 3356 адамдан COVID-19 вирусу тастыкталып, анын ичинен 2021 бейтап айыкты. Каза болгондордун саны — 40.