Тест тапшыруу үчүн республика боюнча 117 борбор даярдалган. Мында бардык санитардык талаптар сакталып, медпункт, медкызматкерлердин күзөтү уюштурулган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө 41 727 абитуриент катталган. Тесттин жыйынтыктары 13-19-июль күндөрү белгилүү болот.

Жүйөөлүү себептерден улам каттоодон өтпөй калгандар үчүн кошумча каттоо жүрөт жана Бишкек, Ош шаарларында 11-12-июлда кечки тест өткөрүлөт.

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу ЖРТнын жыйынтыгы менен онлайн форматта бирдиктүү система аркылуу жүрөт.