Президент Сооронбай Жээнбеков, мурдагы президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган аткаминерлер мамлекеттик жана коомдук ишмер, милициянын генерал-лейтенанты Болот Шердин мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтты.

«Болот Шер өмүрү жана басып өткөн эмгек жолу — принципиалдуулуктун, кажыбас эрктүүлүктүн жана күжүрмөндүктүн үлгүсү. Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн бекемделишине, демократиялык баалуулуктардын, улуттук оюндардын жайылышына зор салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер катары анын ысымы Кыргызстандын тарыхында калат. Болот Эсентаевичтин жаркын элеси элибиздин эсинде түбөлүккө сакталат. Үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз», — деп айтылат маалыматта.

Билдирүүгө жетекчи кызмат адамдарынан сырткары вице-премьер-министрлер, вице-спикерлер, парламенттеги фракция лидерлери, депутаттар, партия лидерлери жана бир катар саясатчылар кол койгон.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мурдагы ички иштер министри, коомдук ишмер Болот Шер (Болотбек Шерниязов) 61 жаш курагында 21-июнда дүйнөдөн кайтты. Анын сөөгү эртең, 23-июнда саат 11:00дө Талас облусунун Манас районунун Чон-Капка айылында коюлат.