Жогорку Кеңештин эки депутатынан жана аппараттын үч кызматкеринен COVID-19 илдети аныкталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү айрым булактар жазгандай, беш депутат ооруду деген маалымат чындыкка дал келбейт.

«Инфекция жуктурган депутаттар жана аппарат кызматкерлеринин ысымдарын атай албайбыз. Себеби, бул алардын жеке өзүнө тиешелүү маалыматы бар. Ооругандардын баардыгы обочолонгон. Соңку кырдаал Жогорку Кеңештин ишине азырынча таасир бербейт. Ошону менен бирге Жогорку Кеңештин депутаттары жана аппарат кызматкерлери толук ПЦР-текшерүүдөн өтүп бүтө элек. Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы расмий маалыматты жакынкы минуттарда жарыялайт»,-деди Ибрагим Нуракун уулу.