Коом

Tik-Tok жана K-Pop жактоочулары Трампка каршы

Tik-Tok социалдык тармагынын пайдалануучулары жана жана K-Pop жактоочулары алар өткөрүп жаткан аракеттердин натыйжасында Дональд Трамптын шайлоо алдындагы митингдерине катышууну каалагандардын саны кескин азайып жаткандыгын билдиришкен. Бирок, алардын мындай оюна АКШ Президентинин өкүлдөрү макул эмес.

Эске сала кетсек, ишемби күнү Трамптын Оклахома шаарындагы BOK Center стадионунда өткөн жолугушуусуна келген элдин саны ойдогудай болбой калган. Тагыраак айтканда 19 миң кишиге ылайыкталган стадионго болгону 6 миңдей киши гана чогулган.

Политтехнолог Стив Шмидтин билдирүүсүнө караганда АКШдагы бардык тинэйжерлер Трамп менен болгон иш-чарага чыгарылган билеттердин көпчүлүгүн сатып алышкан менен ага катышууну ойлоп да коюшкан эмес. Стив залды бош калтыруу үчүн тинэйжерлер муну атайын жасашкандыгын билдирген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button