ДССУ: коронавирус кайрадан үрөй учурууда Жекшемби күнү коронавирус жуктурулган учурлар дүйнө жүзү боюнча рекорддук санды түздү.

Дүйнө жүзүндө акыркы сутка ичинде коронавирус илдети менен байланышкан 183 миң жаңы учур катталган. Жаңы учурлардын 116 миңи Түндүк жана Түштүк Америкага тиешелүү болсо, Европада бул көрсөткүч болжол менен 30%ды түзгөн.

Аталган оору менен байланышкан өлүм саны Бразилияда барынан жогору, мисалы, бул өлкөлдө пандемия башталгандан бери 50 миңге чукул адам каза болгон же каза болгондордун саны боюнча ал АКШдан кийинки экинчи орунду ээлеген.

Окумуштуулардын билдирүүсү боюнча Бразилияда эпидемия өзүнүн туу чокусуна али жете элек.

Ошол эле учурда ЕБ өлкөлөрү карантиндик чараларды жарыша жумшартып жаткандыгын байкоого болот. Мисалы, үч айдан бери өзгөчө абалда отурган Испания европа өлкөлөрүнөн келүүчү туристтер үчүн эшигин кенен ачкан.