Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына: «Коронавируска шылтап элди, базарларды карантинге жапканыңарды токтоткула! Садыр Жапаровду уккула!», — деген пикирин жазып чыкты.

«Ал 2-апрель күнү эле Президент Сооронбай Жээнбековко элди карантинге жаппагыла, экономикалык кризис болот, күнүмдүк акча таап үй-бүлөөсүн баккандар ачка калат, менде коронавирустун дарысы бар, элди участкалык ооруканалардан эле дарылап турсак болот деп, кайрылуу кат жазган.

Бирок бүгүнкү күнгө чейин жооп жок. Ал дары менен азыр түрмөдө ашказанынан рак болуп ооруп жаткан адамдарды дарылап, айыктырып жатат. Ашказандагы рак оорусуна миңдин бири болгон медицинада колдонулбаган уникалдуу табийгий дары экен. Ысык-Көлдүктөр колдонуп жатышыптыр. Намыстанбай эле ошол дарыны колдонуп көргүлө. Балким чоң жардам болот?», — деп Токтосунов Садыр Жапаровтун Президентке жазган катын жарыялаган.

«Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Өлкөбүздө болуп жаткан бүгүнкү коркунучтуу абал күндөн-күнгө оорлошуп бара жатканы баарыбызга эле байкалып турат. Албетте жаран катары мен да катуу тынчсыздануудамын.

Менин түрмөдө жатканыма үч жылдан ашып калды. Өзүңүзгө белгилүү болгондой түрмөлөрдө ар түрлүү оорулар менен ооругандар көп. Арасында жугуштуу оорулар менен ооругандар, туберкулёз жана башкалар толтура. Сасык тумоонун түрлөрү бар. Айла жок, бирге жашагандан кийин аралашып эле жүрөбүз. Ушундай жугуштуу оорулардан сактаныш үчүн дайыма бир дары колдоном. Биринчи Кудайдын кудурети, экинчи ушул дарынын дабасы менен жугуштуу оорулардан оолак жүрөм го деп ойлойм.

Бул дарыны илгертен бери атам менен энем колдонушчу эле. Бала кезибизде ооруп калсак дароо ушул дарыны берип, эки-үч күндө эле сакайтып алышчу. Сасык тумоонун баардык түрлөрүнө жана өтүшүп кеткен ашказан рак оорусуна да дабасы бар. Бул дары медицинада жок, өтө коркунучтуу дары. Адам туура эмес колдонуп алса же эрежелерин, өлчөмүн так сактабаса, ордунда эле мүрт кетет. Ошондуктан, өлчөмүн жана эрежелерин билген киши колдонбосо, билбеген киши колдонууга таптакыр тыюу салынат.

МЕНИН СИЗГЕ СУНУШУМ: 

Эгер туура көрсөңүз жана уруксат берсеңиз, коронавируска чалдыккан оорулууларды жашыруун дарылап көрсөк. Балким шыпаа болуп калаар деген үмүтүм чоң. Себеби, коронавирус сасык тумоонун эле бир түрү экенин окмуштуулар айтып жатышпайбы. Бул дары сасык тумоонун баардык түрлөрүнө жана башка көптөгөн ооруларга миңдин бири. Бала кезимден бери колдонуп жүргөн адам катары ишеничтүү айта алам. Ошондуктан, уруксат берип, мүмкүнчүлүк түзүп берсеңиздер, жаш курактары ар кандай оорулуулардан үч кишини он күн дарылап көрөлү. Бул иш үчүн шарты бар ооруканадан үч төрт бөлмө керек. Албетте бир врач, бир медсестра дайыма күзөттө болуп туруусу абзел. Алар дарылап баштаган күндөн баштап, ар бир суткада анализдерин алып, лабораториядан өткөрүп, жыйынтыктарын байкап туруулары зарыл.

Бул дарынын коронавируска дабасы жок болуп чыкса, биз эч нерсе жоготпойбуз. Зыяны жок. Эч кандай чыгымдын кереги жок.

Эгер Кудайдан болуп, шыпаасын берип калса, мамлекетибиз үчүн чоң жеңиш болот эле. Анда карантинди жоюп, оорулууларды ар бир райондон жана участкалык ооруканалардан деле дарылап туруу мүмкүнчүлүгүбүз пайда болот.

Эскертип коюум абзел. Эгер шыпаа болуп ишке ашып кетсе, бул сунушумдун келечеги опурталдуу болот го деп ойлойм. Себеби, адам баласы болгондон кийин (человеческий фактор) дарыны колдонуу өлчөмүн жана эрежелерин так сактабаган учурлар эл арасында кездешип, бирин-серин кырсыктар болушу мүмкүн. Ошол үчүн бул дарыны ар кимге эле сунуштай бербейбиз.

Бирок, айла жок, жалпы элибиз кыйын кырдаалга кептелип калганда эбепке-себеп болуп, мамлекетибиз бүгүнкү кыйынчылыктан чыгып кетеби деген үмүт.

Терең урматым менен Жапаров Садыр Нуркожоевич (02-апрель 2020-жыл)», — деген Садыр Жапаров президентке жазган катында.

Булак: NazarNews.kg