ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери өлкөбүздөгү өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда кызматка болгон ак-ниеттүү жана жоопкерчиликтүү мамиле менен кызматтык милдеттерин аткаргандыгы үчүн Ички иштер министрлигинен түзүмдүк медалдар жана Ардак грамоталар тапшырылды. Бул тууралуу ИИМдин күзөт кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Тапшыруу аземинде, Бишкек шаарынын Биринчимай райондук күзөт бөлүмүнүн начальниги, милициянын подполковниги Алмаз Момбеков кызматтык милдеттерин артыкчылыктуу аткаргандыгы үчүн ыраазчылыгын билдирип, “Мындан ары да өз мамлекетибиздин коомдук коопсуздугун камсыздоого, кайтарууда турган маанилүү, өзгөчө маанилүү жана олуттуу мекеме-чарбаларды жана жарандардын турак-жайларын ишенимдүү кайтарууга болгон күчүбүздү жумшайбыз” – деп өз сөзүндө белгиледи.

Иш-чаранын жыйынтыгында, милициянын подполковниги Алмаз Момбеков сыйлык ээлерин куттуктап, кызматкерлерге мындан ары дагы ийгиликтерди жаратып, ден соолуктары бекем болушун каалап кетти.