Өзүн «кыргыздын деми» атаган ырчы Гүлзат Мамытбек укук коргоо кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөнү анын мурдагы жолдошу тарабынан белгилүү болду.

Маалыматты Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан ырасташып, ырчыга карата «алдамчылык» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын билдиришти.

Учурда Орусияда жүргөн Гүлзат Мамытбекке жогорудагы иш боюнча буларга токтолду.

«Менин үстүмөн арыз жазгандар боюнча билем. Бул иштин артында ким турганын дагы билем. Мен англис тилин окутуу боюнча мобилдик тиркеме иштеп чыккам. Ал тиркемени ишке киргизүүдө мага каржы жагынан инвесторлор жардам берген. Тиркеме өзүн актабай, инвесторлорго каражатты убагында төлөй албай калдым. Бирок аларга акырындык менен акчаны кайтарып жаткам. Мурдагы күйөөм ошол адамдарды таап, менин үстүмөн арыз жаздырыптыр. Азыркы учурда мага издөө жарыяланган. Менин Москвада экенимди баары билишет, карантинге байланыштуу бул жактан кете албай жатам«,-деди Гүлзат Мамытбек.

Бул окуя боюнча Гүлзат Мамытбектин апасы ишти калыс чечип берүүсүн суранып, президентке кайрылуу жолдоду.

https://www.facebook.com/gulzat.alymkulova/videos/3032634056826662/